Türkçe Kırgızca Dersler > ЧАКЧЫЛДАР

Türkçe Kırgızca Dersler > ЧАКЧЫЛДАР


Türkçe Kırgızca Dersler > ЧАКЧЫЛДАР

Чакты жана жакты көрсөтпөй туруп, негизги этишти тактап көрсөтүү үчүн кошумча кыймыл-аракетти билдирген этиштин формасы чакчылдар деп аталат. Чакчылдарга кантип? кандай? кайсы убакка чейин? качанка чейин? эмнеге? качантан бери? эмнеликтен? эмне үчүн? деген суроолор берилет.Чакчылдарды -а (-е, -й), -ып, -ганча, -гыча, -ганы, -майынча, - гычакты деген мүчөлөр уюштурат. М и с а л ы: Күн кызарып батты. Ал күлүмсүрөп сүйлөдү. Мен барганча келди. Биз бармайынча келбейт ж. б.

 

10.1ЧАКЧЫЛДАРДЫ ЖАСООЧУ МУЧӨЛӨР

 

Чакчылдар төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат.

-а, -е, -й – Ал жете келди. Мен карай бердим.

-ып – Жаркырап Ай чыкты. Каткырып күлдү.

-гынча, (-гыча) - Ага бергенче, мага бер. Атам келгиче, мен жумушту бүтүрдүм.

-майынча - Асан келмейинче күтөм.

-ганы – Асыл келгени, чарба өстү.

-бай - Ал тынбай иштеди.

-гычакты - күн баткычакты иштедик.

 

10.2.ЧАКЧЫЛДАРДЫН ТАКТООЧКО ОКШОШ БЕЛГИЛЕРИ

Чакылдар тактоочтор сыяктуу негизги кыймыл-аракеттин аткарылышндагы ар түрдүү кырдаалды (максатты, себепти, мезгилди) билдирет: Бекташ уялып, сүйлөй алган жок. Кат жазганы үстөлүнө отурду. Ал келгиче күттүм.

Чакчылдарга да тактоочтор сыяктуу сын атоочтун -ыраак мүчөсү уланат: тез-тезирээк, көп-көбүрөөк, кеч-кечирээк, мурун-мурунураак ж.б; кечигип-кечигибирээк, шашылып-шашылыбыраак (чакчылдар).

Чакчылдар да тактоочтор сыяктуу этиш сөздөр менен айкалышып, бышыктоочтук милдет аткарат: Айткулу шашып турду. Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат. Даниярды күлүмсүрөй карады. Тойчубек келгени жыргай түштүк.

 

10.3.ЧАКЧЫЛДАРДЫН ЭТИШКЕ ОКШОШ БЕЛГИЛЕРИ

Этиштер негизги кыймыл-аракетти билдирсе, чакчылдар анын кошумча кыймыл-аракетин билдирет: Ажардын үнү каргылданып чыкты. Биз чарчагычакты иштедик. Алар катталганы келишти.

Этиштер жак, чак боюнча өзгөрсө, чакчылдар чакты, жакты билдирбейт,    чакты    өзүнөн   кийинки   айтылган   этиш   сөздөр билдирет:   Алар   жолго камынып   жатышат.   Муну укмайынча билбедик. Айткулу келгиче, көчүп калдык.

Чакчылдар мамиле этиштин мүчөлөрүнөн кийин уланып, мамилелик маанини да билдирет: иштешип, иштеше, иштешкени, иштешкенче, иштешмейинче, иштешгичекти ж.б.

Ben/Siz Мен/Сиз
Evet/Hayır Ооба/Жок
İyi/Kötü Жакшы/ Жаман
Merhaba / Hoşçakalın Саламатсызбы/Саламатта калыңыз
Günaydın / İyi geceler Куттуу шашке/Тынч уктаңыз
Teşekkürler / Lütfen Рахмат/Эчнерсе эмес
Affedersiniz )konuşma sırasında) Кечирип коюңуз
Adınız ne? Сиздин атыңыз ким?
Geçmeye müsaade ediniz Ɵтүүгө уруксат этиңиз
Söyler misiniz Пикир айтып коюңуз
Yardım edin, lütfen Сураныч, жардам берип коюңуз
Bunu yazın Буну жазып коюңуз
Tekrarlayın Кайталап коюңуз
Anlamıyorum Мен түшүнбөдүм
İngilizce konuşuyor musunuz? Сиз англисче сүйлөйсүзбү
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Rakamlar Цифралар
bir / iki / üç бир/эки/үч
dört / beş / altı төрт/беш/алты
yedi / sekiz / dokuz жети/сегиз/тогуз
on / yüz / bin он/жүз/миң
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Tarih Дата
Yıl Жыл
Gün Күн
Tatil Эс алуу күн
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Hafta Жума
Pazartesi дүйшөмбү
Salı шейшемби
Çarşamba шаршемби
Perşembe бейшемби
Cuma жума
Cumartesi ишенби
Pazar жекшемби
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Ay Ай
Ocak үчтүн айы
Şubat Бирдин айы
Mart Жалган Куран
Nisan Чын Куран
Mayıs Бугу
Haziran Кулжа
Temmuz Теке
Ağustos Баш Оона
Eylül Аяк Оона
Ekim Тогуздун айы
Kasım Жетинин айы
Aralık Бештин айы
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Otel Мейманкана
Numara Бөлмө
Oda Бөлмө
ikamet Жашоо
gece (otelde kalma) Түн
Gün Күн
Oda sipariş etmiştim Мен бөлмө заказ кылгам
Soğuk / Sıcak Суук/Жылуу
Anahtar (otel odasının) Ачкыч
Çocuk бала
Büyük бойго жеткен
pasaport паспорт
Rahatsız etmeyiniz Беймаза кылбагыла
… de beni uyandırınız Мени … ойготуп койгула
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Otomobil Автомобиль
Yol Жол
Dönüş Бурулуш
Kavşak Жолдун кесилиши
Durma Токто
Yolu dönerek geçme Айланып өтмө жол
Geçiş ysaktır Жүрүүгө тыйуу салынат
Otopark Туруучу жай
Yakıt dolumu / Tam doldurunuz / benzin Май куюу/Толук бак куюп бергиле/Бензин
Ceza / belgeler Штраф / документтер
Kira / Araba kiralama Прокат / Машинаны ижарага (арендага) алуу
Arabam bozuldu Менин машинем сынып калды
Otomobil servisi Автосервис
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - İşaretler Көрсөткүч
Dikkat Көңүл бургула
Giriş / Çıkış Кирүү/Чыгуу
Sola / sağa Солго/Оңго
Kapalı / Açık Жабык/Ачык
Meşgul / Serbest Бош эмас/Бош
Yasaktır / izin verilir Болбойт/Болот
Başı / Sonu Башы/Аягы
Çekme / itme Тартуу/Түртүү
burada / orada Бул жерде/Тиги жерде
Sigara içilmez Тамеки чексе болбойт
Tehlikeli Коркунучтуу
Dikkatli Абайлоо
Teneffüs Танапис
Geçit Ɵтүү
Bilgi Маалымат
WC Ажаткана
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Ilaşım Транспорт
… nerede yerleşir … кайсыл жерде жайгашкан
şehir Шаар
cadde Көчө
ev үй
gişe касса
bilet билет
şehir haritası шаардын картасы
Taksi çağırmak isterdim Мен такси чакырайын дегем
Otobüs Автобус
Durak Аялдама
Havaalanı / Uçak / Sefer Аэропорт / Самолет / Рейс
Bagaj Жүк
Tren Поезд
Güzergah Тарап
Kalkış / Varış Жөнөтүү
doğu / batı / kuzey / güney чыгыш/батыш/түндүк/түштүк
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Servisler Кызматтар
Pasaport kontrolü Паспорттук контроль
Gümrük Бажы
Belgelerimi kaybettim Мен документтерди жоготуп алдым
Hastane / Eczane / Doktor Оорукана/Дарыкана/Доктор
Ambülans Тез жардам
İtfaiye servisi Ɵрт өчүрүүчү кызматы
Polis Полиция
Postane Почта
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Restoran / kafe / bar Ресторан / Кафе / Бар
Garson Официант
Masa sipariş etmek istiyorum Мен үстөл заказ кылайын дегем
Menü / Çocuk menüsü Меню/Кичинекей балдардын менюсу
Soğuk / Sıcak / Isıtmak Муздак/Ысык/Жылытуу
Afiyet olsun! Аш болсун!
Bardak / fincan Стакан/Чыны
Şişe / Kadeh бөтөлкө/бокал
siz/ile (bir şey) жок/(бирөө) менен
Su Суу
Şarap / bira Вино/Пиво
Kahve / Süt / Çay Кофе/Сүт
Meyve suyu Шире
Ekmek Нан
Çorba Шоропо
Peynir Сыр
ezme/yufka Ботко/Блин
Şeker / Tuz / Biber Кумшекер/Туз/Мурч
Et / Balık / Kuşeti Эт/Балык/Канаттуу
Koyun eti / Dana eti / Domuz eti Койдун эти/Уйдун эти/Чочконун эти
Tavuk Тоок
Haşlanmış / kavurma / Gril Бышырылган/Куурулган/Гриль
Acılı Ачуу
Tatlı / Meyve Десерт/Мөмө жемиш
Elma Алма
Üzüm Жүзүм
Muz Банан
Erik / Şeftali Ɵрүк/Шабдалы
Portakal / Limon Апельсин / Лимон
Çilek Кулпунай
Nar Анар
Sebze / marul Жашылчалар/Салат
Patates Картөшкө
Soğan Пияз
Biber Калемпир
pirinç Гүрүч
sarımsak Сарымсак
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Ödeme / Para Төлөө/Акча
Hesap, lütfen Эсептеп коюңуз
Fiyat Баа
Kredi kartıyla ödemek istiyorum Мен кредит картасы менен төлөгүм келет
Para üstü / Para üstü yok / çay parası Кайтым/Кайтымы жок/Чайпул
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Mağaza / Gıda Дүкөн/Азык-түлүк
Bu ne? Бул эмне?
Gösteriniz …. … көрсөткүлөчү
……. Ne kadar? … канча турут
kilogram килограмм
büyük / küçük чоң/кичине
litre литр
metre метр
Ucuz Арзан
Pahalı Кымбат
İmdirim Арзандатуу
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Renk Ɵң
açık renk / koyu renk ачык/ачык эмес
beyaz / siyah ак/кара
gri боз
kırmızı кызыл
mavi көк
açık mavi ачык көк
sarı сары
yeşil жашыл
kahverengi күрөң
turuncu оранжевый
mor кызгылт көк
Türkçe-Kırgızca konuşma kılavuzu - Hastalık Оору
Benim …… ağrıyor Менин … ооруп жатат
kafa / boğaz / karın / diş баш/тамак/ич/тиш
ayak / el / bel бут/кол/арка
Ateşim yüksek Менин температурам өйдө болуп жатат
Doktor çağırın Врачты чакыргыла

Yorumlar (1)
Элиза 3 yıl önce
12345