13.04.2021, 19:30

Nurdin Useev

Сужи жазма эстелигинин тарыхый-маданий мааниси: кызын калыңсыз берген Буйла Кутлуг Йарган.

Nurdin Useev

Байыркы кыргыз (битиг) жазуусу менен жазылган жазма эстеликтердин ичинен Сужи (Е 47) жазма эстелигинин кыргыз тарыхындагы, маданиятындагы, деги эле кыргызтаануудагы орду өтө чоң. Анткени болжол менен 781-жылы тургузулган бул эскерткич "кыргыз" аты кимдир-бирөөнүн этникалык белгиси, улутунун ысымы катары белгиленген эң байыркы жазма эстелик. Урматына бул жазма эстелик тургузулган Буйла Кутлуг Йарган аттуу колбашчы, мамлекеттик ишмер эстелигинде "Кыркыз оглы мен (Мен кыргыз уулумун)" деп сыймыктануу менен белгилеп калтырган. Мына ушул бабабыз эскерткичинде "Эбледим оглымын, кызымын калыңсыз биртим (Үйлөндүрдүм уулдарымды, кыздарымды (турмушка) калыңсыз бердим)" деп, кыздарын калың албастан турмушка узатканын жазган. Эмнеге калыңсыз берген? Бул жагдай азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан "ала качуу" менен түздөн-түз байланыштуу. Акыркы окуяларды пайдаланган айрым кишилер, күчтөр ала качууну кыргыздардын каада-салты деп таңуулап, кыргыздарды жапайы эл катары көргөзгөнгө аракет кылышууда. Кыргыздардагы ала качуу такыр башкача салт болгон. Бул салт жаштардын ортосундагы сүйүү үчүн, гуманисттик максатта жасалган. С. М. Абрамзондун изилдөөлөрү боюнча жигит кызды калың төлөөгө каражаты жетишпей жатса, ала качкан. Бирок сөзсүз түрдө кыздын уруксаты менен!!! Тагыраак айтканда, ала качуу бири-бирин сүйгөн жаштардын сүйүүсүнө жетүү күрөшү болгон. Ал эми бүгүнкү "ала качуу" - бул бабалардын салтын бузуудан келип чыккан, каада-салтка эч тиешеси жок маргиналдык көрүнүш. Келели эми Сужи жазма эстелигине, Буйла Кутлуг Йарганга. Демек ал - кыздарын турмушка калың албастан узатканына караганда кыздары өз теңдери, арзыган адамдары менен турмуш курушун каалаган, ошону ишке ашырган күйүмдүү, прогрессивдүү көз карашка ээ ата. Ошон үчүн ал жазма эстелигинде "Кыркыз оглы мен (Мен кыргыз уулумун)" деп сыймыктануу менен белгилеген. Демек Сужи (Е 47) жазма эстелиги боюнча кыргыз - көчөдөн көрүнгөн кызды ала качкан эмес, кыздарынын бактысы үчүн акчадан баш тарткан адам.

Yorumlar (0)