T-Иран менен Түркмөнстандын ортосунда соттолгон кишилер алмаштырылды

Иран менен Түркмөнстандын ортосунда соттолгон кишилер алмаштырылды

Иран менен Түркмөнстандын ортосунда эки өлкөнүн чек арасында камоого алынган жана соттолгон кишилерди алмаштырылгандыгы билдирилди.


Иран менен Түркмөнстандын ортосунда эки өлкөнүн чек арасында камоого алынган жана соттолгон кишилерди алмаштырылгандыгы билдирилди.

Иран арсмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Түркмөнстанда камоого алынган же соттолгон 283 Иран жараны Лүтфабад чек ара капкасында сот органдарынын коштоосунда өлкөгө тапшырылды. Буга жооп катары Ирандын түркмөнстандык 4 кылмышкерди тапшыргандыгы да билдирилди. Бул алмаштыруунун Ирандын президенти Хасан Руханинин эки күн мурда Ашкабатта Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов менен өткөргөн жолугушууларынын негизинде чыгарылган чечим боюнча ишке ашкандыгы билдирилди.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Бехрам Касыми да өлкөгө жиберилген соттолгон кишилердин арасында өткөн жумада Каспий деңизинде түркмөн чек арасын бузду деген негиз менен камоого алынган 2 балыкчынын да бар экендигин билдирди.

Түркмөн коопсуздук күчтөрү Түркмөнстан сууларында эреже бузду деген негиз менен ичинде 4 ирандык да болгон балыкчы кемесине ок атып, окуяда балыкчылардан экөөсү каза болгон, экөөсү камоого алынган болчу.

TDH

Yorumlar (0)