Nurdin Useev: "Асмандагы каза болгон ханзаада менен жерде калган жээрде айгыр атынын үнү, жаны бир"

Prof. Nurdin Useev, Kırgızistan Manas Üniversitesi

"Асмандагы каза болгон ханзаада менен жерде калган жээрде айгыр атынын үнү, жаны бир".  
"Тенридеки теглүк тегин, йердеки йегрен адгыр ат үни, өзү бир". 

                                          

Ысык-Көлдүн Ак-өлөң айылына жакын бир жерде табылган Чийин-Таш жазма эстелигинде, Россиянын Тоолуу Алтай Республикасында табылган Ябоган жазма эстелигинде жана Кытайдын Синцзянь Уйгур Автономиялык облусундагы Турпан шаарына жакын жердеги Йаргол жазма эстелигинде ушундай калып эпикалык формула түрүндөгү текст жайгашкан.

Биз, кыргыздар үчүн маанилүүсү - бул жазма эстеликтердин Энесайдагы байыркы кыргыз жазма эстеликтерине окшош тамгалар, стиль менен жазылып, байыркы кыргыздарга  таандык болушу. Тагыраак айтканда, 840-жылы Улуу кыргыз державасын курган байыркы кыргыздарга таандык. Анткени Улуу кыргыз державасы Түштүк Сибирди, Монголияны, Чыгыш Түркстанды, азыркы Кыргызстанды өз ичине камтып турган. Ушул аймактарда байыркы кыргыздардан ар түрдүү маданий-архитектуралык эстеликтер калган. Алардын бири - бул жогорудагы жазма эстеликтер. 
Бул жазма эстеликтерде каза болгон ханзаада менен анын жерде калган атынын жаны, үнү бир экендиги айтылып жатат. Себеби кыргыздарда ат эр жигиттин мингичи гана эмес, жан жолдошу катары эсептелген. Ошон үчүн Манас төрөлгөндө аты Аккула кошо туулат. Каза болгондо чогуу өлөт. 
п.с. Кытай Кыргызстанды биздин жер дей тургандай Кыргызстанда кытай маданиятынын бир да изи жок. Тескериисинче Кытайда бизге таандык жазма эстеликтер бар.

Yorumlar (1)
Yaşlı Gegin 4 yıl önce
Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан бул жерлерди таң калтырат, мен корондон кийин барууга аракет кылам.-Kırgızistan,Özbekistan,Kazakistan merak ettiğim yerler.Coronadan sonra gitmeye çalışacağım.